Тамак-аштын курамындагы азык кошулмалар



Тамак-аш  

Тамак-аштагы азык заттардын саны (болжол менен, грамм)

 

100 граммдагы тамак-аштын энергиялык баасы (кДж)  
    белок   май   углевод      
Кара буудай наны   5,4   0,6   39,3   771,6  
Буудай наны   5,7   0,4   56,0   1076,9  
Таруу   8,1   2,2   63,7   1320,9  
Күрүч   6,5   1,8   77,7   1518,6  
Картөшкө   1,3   0,1   18,5   334,5  
Буурчак   19,3   3,2   50,3   1322,3  
Сабиз   0,7   0,2   7,4   147,1  
Капуста   1Д   0,1   4Д   93,3  
Помидор   0,7   0,2   3,0   1,4  
Бадыраң   0,7   0,1   1,8   46,9  
Алма   0,2   -   10,9   190,9  
Өсүмдүк майы       97,8   -   3824,0  
Кумшекер   -   -   98,2   1689,0  
Орто майлуу уй эти   19,0   8,0 -   639,6  
Боор   16,7   3,7   2,7   478,2  
Балык (сазан)   8,6   1,2       194,8  
Уйдун сүтү   3,1   3,4   4,9   270,6  
Каймак   3,3   30,2   2,5   1280,6  
Ак май   0,5   79,3   0,4   3166,1  
Сары май   -   94,0   2,0   3675,4  

 

III. 2-тур (жаңы темага байланыштуу)

Тема: Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү

Топтор презентация жасайт,  мугалим толуктайт

1-топтун презентациясы: Тамак сиңирүү системасы тамак сиңирүүчү каналдан жана тамак сиңирүү бездеринен турат. Ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, ашказан, ичке, жоон жана түз ичеги тамак сиңирүү каналын түзөт. Тамак сиңирүу процесстерине мындан тышкары боор, шилекей, ашказан бездери жана уйку бези катышат. Тамак адегенде үстүңкү жана астыңкы жаактар менен чектелген ооз көңдөйүнө түшөт. Жаактардын чуңкурларынан тиш орун алган. Жаңы төрөлгөн балдардын тиши болбойт. Болжол менен 6 айынан тартып балдардын сүт тиштери чыга баштайт. Алар 10-12 жашка чейин түшүп, туруктуу тиштерге алмашат.

Акыркы жуп тиштер - тупку азуулар киши 20-22 жашка келгенде чыгат, ошондуктан акыл азуулар деп аталып калган. Ар бир тиш ооз көндөйүнө чыгып турган тиш кабыгынан, тиш моюнчасынан жана жаакка терең кирип турган тамырынан түзүлөт. Катуу тиш эмалы тишти сыртынан каптап, бузулуудан, жешилип кетүүдөн жана микробдордун киришинен сактайт. Тиш эмалында жарака пайда болору менен тиш доктурга кайрылгыла. Доо кеткен тиш организмдин жугуштуу ооруга чалдыгышына себеп болот .

Эмалдын астында тишти түзгөн сөөккө окшогон катуу зат -дентин орун алган. Тиштин ичинде көңдөй бар. Көңдөйүн толтуруп турган жумшак тутумдаштыргыч тканда кан тамырлар жана нервдер тармакташкан. Жумшак ткандар тиштин пулъпасы деп аталат. Тиштин түзүлүшү аткарган функциясы менен айкалышкан. Үстүңкү жана астыңкы жаактарда маңдай жагында 4төн жалпак кашка тиш бар.

Кашка тиштердин жанында бирден учтуу кылкыйма тиш жайгашкан. Кашка жана кылкыйма тиштердин жардамы менен адам тамакты керте тиштейт. Андан ары жаактардын эки жагында 2ден майда жана Зтөн чоң азуулар жайгашкан. Чоң азуулардын үстүңкү бети бүдүрлүү, ал эми тамырлары 2-3 бутакчага бөлүнөт. Азуулар менен тамак чайналып, майдаланат.

Мугалимдин толуктоосу: Тамактын температурасын, даамын, механикалык жана башка касиеттерин ооздун былжыр челиндеги жана тилдеги рецепторлордун жардамы менен сезебиз. Рецепторлордон туюнуу сүйрү мээдеги борборго барат. Ал борбордон туюнуу шилекей ашказанга, ашказан астындагы бездерге жана ооз көңдөйүнө жетет.

Бул процесстер чайноого жана жутууга жардам берет. Майда чайналган жана нымдалган, шилекейге жуурулган тамак бүртүкчөлөрү тилдин жардамы менен кулкунга, кызыл өңгөчтү көздөй жылдырылат.

Кызыл өңгөч- булчуңдуу түтүкчө. Анын керегеси толкун сымал кыймылдарга ээ. Кызыл өңгөчтүн керегесинин булчуңдарынын бир жери жыйрылса экинчиси шалдаят. Мына ошол алмак-салмак кыймылдоо, кызыл өңгөчтөгү тамактын жылышына чоң жардам берет.

2-топтун презентациясы: Ашказан- тамак жыйналып, аралашьш тура турган, формасы химиялык ритортага окшош орган. Ашказандын орточо сыйымдуулугу 2 л ге барабар, Ашказан зили ашказандын былжыр челиндеги көптөгөн бездерден иштелип чыгат. Анын 1 мм2 былжыр челинде ЮОдөн ашык бездер жайгашкан. Зил-дин курамында ферменттер, туз кислотасы жана былжыр бар. Тамактын ашказан зили менен аралашышына жана ичке ичегини көздөй жылышына анын керегесинин иреттүү кыймылдары чоң өбөлгө болушат.Ичке ичегилердинузундугу 4 м ге жакын. Булардын башталышы - он эки эли ичеги. Бул ичегиге боордун жана уйку безинин түтүктөрү келип ачылат (69-сүрөт). Он эки эли ичегидегй зилдин ферменттеринин таасири астында белоктор аминокислоталар май май кислоталарына жана көп атомдуу спирттерге, углеводдор моносахариддерге ажырайт. Ичке ичегинин былжыр челинде эң көп сандагы майда бездер да ичеги зилин пайда кылат. Ичке ичегинин керегесинин туурасынан жана узунунан кыймылдашынын яегизинде тамак жылат.

Жоон ичеги.Ичке ичеги жоон ичегиге өткөн жеринде бар жагы туюк мөөн жайгашкан, ал аппендикс деп аталат. Аппендикстин узун-дугу 8-15 см. Эгерде аппендикске сиңирилбей калган тамактын кал-дыгы, майда заттар, күнкараманын кабыгы, алча, жүзүмдүн сөөктөрү, оору чакыруучу бактерия, микробдор кирсе, анда ал сезгенет.

Мугалимдин толуктоосу: Сезгенүү адамдын денсоолугуна коркунучтуу. Ошондуктан сезгенген аппендиксти хирургия жолу менен тез арада алып салуу зарыл. Жоон ичегинин жалпы узундугу 1,5 м. Андан кийин түз ичеги жоон ичегинин арткы тешик менен бүткөн эң акыркы бөлүгү. Андан аш болбой калган нерселер топтолуп, заң түрүндө сыртка бөлүнүп чыгат.

VI. 3-тур (бышыктоого багытталат) 8мин Салыштырма таблица берилет, видеоролик көрсөтүлөт:

1.https://youtu.be/hf6KDTgRwXM 1мин25сек.

2.https://youtu.be/1GggZ7E7WKY 4мин19сек.

 

Салыштырма таблица:

Органдын аты   Түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү Функциясы  
Тиш   Морфологиясы: Кабы,тиш моюнчасы, тамыры. Анатомиясы: Пулъпа,дентин,тиш эмалы   Механикалык майдалоо
Кызыл өңгөч Булчуңдуу түтүкчө. Алмак-салмак кыймылдап, тамактын жылышына чоң жардам берет.
Ашказан   Тамак жыйналып, аралашьш тура турган, формасы химиялык ритортага окшош орган Тамактын ашказан зили менен аралашышына жана ичке ичегини көздөй жылышына анын керегесинин иреттүү кыймылдары чоң өбөлгө болушат
Он эки эли ичеги Он эки пармакты бириктиргенде узундугу келип чыгат Боордун жана уйку безинин түтүктөрү келип ачылат, зилдин, ферменттеринин таасири астында белоктор аминокислоталарга, май май кислоталарына жана көп атомдуу спирттерге, углеводдор моносахариддерге ажырайт.

 

V. БаалооЖеңүүчү команданын окуучулары “5”, жеңилген команданын окуучуларынын активдүүлүгү эскеалынып, “5”, “4”, “3; деген баалар коюлду

Натыйжада төмөнкү натыйжа келип чыкты:

 

 


VI. Үй тапшырма.Терминдер менен иштөө: Сүт тиштер жана туруктуу тиштер. Тиш кабы, Тиш жоюнчасы. Эмалъ, Дентин. Кашка тиш. Кылкыйжа тиш. Майда азуу. Чоң азуу, Акыл азуу. Аппендикс.

Суроолорго жооп берүү:

1. Тамак сиңирүү системасын кайсы органдар түзөт?

2. Тиштин түзүлүшү кандай?

3. Тиштин кандай түрлөрү бар?

4. Тиштер кандай кызмат аткарат?

5. Эмне үчүн тишти сактоо керек жана кантип?

6. Ооз көңдөйүндө тамак-аштын жылышында тилдин кандай ролу бар?

7. Эмне үчүн катуу заттарды (күнкараманын кабыгын, алчанын, жүзүмдүн дане-гин ж.б.) жутууга болбойт?

 


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 1809; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!